Айзаданын өлүмү. Тергөө аяктап, иш сотко өттү

27 жаштагы Айзада Канатбекованы уурдоо боюнча тергөө иши жыйынтыкталып, материалдар бүгүн, 30-апрелде Биринчи май райондук сотуна кароого жөнөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Замирбек Теңизбаевдин үстүнөн Жазык кодексинин 170-беренеси (Адам уурдоо) жана 130-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Аталган фактылар бир сотко чейинки өндүрүш ишине бириктирилген.

«Замирбек Теңизбаевдин өлүмүнө байланыштуу сотко чейинки өндүрүш иши токтотулду. Айзаданы уурдоо фактысы боюнча 4 шектүү кармалган, алар учурда камакта. Ошондуктан сотко чейинки өндүрүш иши Жазык кодексинин 175-беренесинен (Адамды никеге туруу максатында уурдоо) 170-беренесине өзгөртүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Айзаданы уурдоого шектелип кармалган 4 адам: 1995-жылы туулган,, 1992-жылы туулган, 1989 жылы туулган жана 1991-жылы туулган жарандар. Алар СИЗО-1 жайына камакка алынган.