Айзаданы өлтүрдү деп шектелген жаран Орусияда 3 жолу соттолгон (документтер)

Айзада Канатбекованы уурдап, өлтүрүүгө шектелип жаткан Замирбек Теңизбаев Орусияда 3 жолу соттолгон. Бул тууралуу өздүк булактарга таянып, Kaktus.media жазып чыкты.

Биринчи жолу ал 2008-жылы Омск шаарында бирөөнүн мүлкүн уурдаганы үчүн 3 айга кесилген.

2009-жылы Красноярскиде тоноочулук боюнча кылмыш жообуна тартылган. Теңизбаев өз мекендешин (аял кишини) сабап, буюмдарын тартып алган. Анда кылмышкерди 2 жылга темир тор артына жөнөтүшкөн. Ал 2011-жылдын июнунда абактан бошонуп, Читага кеткен.

Ошол эле жылы Москвада опузалап акча талап кылганы үчүн камалган. Ал башка жаранды күчкө салып унаасына отургузуп, андан 60 миң руль талап кылган. Аны 5 жыл 6 айга катаал режимдеги абакка кесишкен. 2012-жылдын июнунда өкүм күчүнө кирип, 2017-жылдын июнунда түрмөдөн чыккан.

2020-жылдан тартып ага Орусия аймагына кирүүгө тыюу салынган.

Бүгүн, 8-апрелде Бишкек ШИИББ кызматкерлери Теңизбаев 2017-жылы Орусиядан Кыргызстанга келгенин билдиришкен. Ал такси айдап иштеген. Акыркы убакта туруктуу жашаган жери жок, ижарага алынган унаанын ичинде түнөп жүргөн.