«Ажырашканыбызга карабай, сабап, унаамдын айнегин чагып салды». 4 балалуу келиндин окуясы

Жолдошум тарабынан дайыма үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып келдим. Акыркы жолу жолдошум мени жарым-жартылай өлүк кылып сабады. 22 күн ооруканада жаттым. Бул тууралуу Жолдубай кызы Нуржамал аттуу келиндин (аты-жөнү өзгөртүлдү) адвокаты Шердор Абдыкапаров билдирди.

Маалыматка караганда, бул окуядан кийин келин Аламүдүн РИИБге арыз менен кайрылып, арыз каттоого алынган. Бирок соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы денедеги жаракаттары бар экенине карабастан, ден-соолукка зыян келтирген эмес деген тыянак чыгарган. 

«Менин жолдошум мурунку бажы кызматкери, анын тааныштары жана акчасы көп. Мен ажырашууга арыз жазгам. Ал буга каршы болду. Баары бир ажыраштык. Бирок ал ушуга чейин мени өлтүрөм деп коркутуп жатат. 4 балабыз бар. Биз чогуу батир ижарага алып жашайбыз. Кечээ кечинде (ред. 7-июнда) мени ур-токмокко алып, телефонумду тартып алып, аны сындырып, унаамдын алдынкы терезесин чагып салды. Мен акыркы күчүм менен жазып жатам. Бүгүн да Аламүдүн РИИБге арыз жаздым. Эмне үчүн мыйзам үй-бүлөлүк зомбулукту токтотпойт? Эмне үчүн буга катаал чара көрүлбөйт?» дейт зомбулукка кабылган келин.