Бири экинчисин куткарам деп… Ак-Буура — Араван дарыясына түшүп кеткен эки өспүрүмдүн жансыз денеси табылды

Ак-Буура — Араван дарыясына түшүп кеткен эки өспүрүмдүн жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуя 29-июнда катталып, бир күндөн кийин балдардын сөөгү куткаруучулар тарабынан табылып, жакындарына өткөрүп берилди. Ал эми туугандары соттук медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартып, эч кандай даттануу жок экендигин билдиришти. Маалымат боюнча, 2008-жылы туулган жана 2003-жылы туулган балдар Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунан Ош шаарына устачылык кылуу үчүн келишкен. Күндүн ысыгында балдар сууга түшүү үчүн Ак-Буура дарыясына барышкан. 2003-жылкы бала сууга чөгүп бара жатканда 2008-жылы туулган бала жардам берүүгө аракет кылып, бирок ал сүзө албагандыгына байланыштуу экөө тең чөгүп кеткендиги маалым болду.