Ак-Буура — Араван каналына түшүп кеткен эки өспүрүмдү издөө иштери уланууда

Ош облусунун Ак-Буура — Араван каналына 18 жаштагы жана 13 жаштагы эки өспүрүм түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу тартылды. Бирок натыйжа болгон эмес. 30-июнь күнү издөө иштери улантылат.