Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен бала изделип жатат

Кечээ, 15-майда Ош шаарынын Төлөйкөн айылынан Ак-Буура дарыясына болжол менен 10-12 жаштагы бала түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине Ош шаардык куткаруу кызматынан 8 куткаруучу тартылды. Буга кошумча ИИМден 5 кызматкер, туугандарынан 4 адам, жалпы 17 адам издөөгө чыгышкан.

Кеч киргендигине байланыштуу издөө иши кечээ убактылуу токтотулган.