Ак-Буурадан табылган аял кишинин сөөгү изделип жаткан келинге таандык экендиги ырасталды

Бүгүн, 15-июль күнү саат 11:30да Ош шаарынын Катта-Терек участкасында Ак-Буура дарыясынан (Өзбекстандын чек арасына 500 метр жетпей жеринде) ӨКМдин куткаруучусу Алтынбек Исабеков тарабынан  аял кишинин сөөгү табылган.

Такталган маалымат боюнча, табылган жаран буга чейин изделип жаткан 1980-жылы туулган Н.Д. аттуу аял киши (кыздардын апасы) экени аныкталды. Аталган жарандын сөөгү куткаруучулар тарабынан дарыядан алып чыгарылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди.