Ак-Ордо-3 конушундагы үйү сүрдүрүлгөн жерге барып, ызы-чуу баштаган депутат камакка алынды

Сокулук районунда жергиликтүү кеңештин депутаты камакка алынды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-март күнү Новопавловка айылынын Ак-Ордо-3 жаңы конушунда жарандын үйүн сүрдүрүлгөнү боюнча жергиликтүү жашоочулар нааразычылык билдирип чогулушкан. Аталган чогулушка Новопавловка айылдык кеңешинин депутаты, буга чейин Ак-Ордо жаңы конушунун “Е, Ж” кварталынын квартальныйы болуп иштеген 1985-жылы туулган жаран барып, коомдук жайда жалпыга бирдей жүрүм-турум ченемдерин жана коомдук тартипти одоно бузуп, жарандарды оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, алардын тынчтыгын бузган.

Натыйжада чогулган эл эки жаатка бөлүнүп, жаңжал чыгып, коомдук тартипти сактоо боюнча кызмат өтөп жаткан Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери эки тараптуу мушташтын алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен нааразы болгон эл тарап кетишкен. Ошол эле учурда, элди экиге бөлүп, коомдук тартипти одоно бузуп, эл арасында уруш чыгарган Новопавловка айылдык кеңешинин депутаты Сокулук РИИБге жеткизилип, ага Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) менен протокол түзүлүп, Сокулук райондук сотуна жеткизилген. Сокулук райондук соту тарабынан жаранга 5 суткага камакка алуу чечими чыгарылды.