Ак-Ордо жаңы конушунда үйдөн 110 миң сом уурдады деп шектелген жаран кармалды

Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 28-октябрь күнү саат 11 чамасында Ак-Ордо жаңы конушундагы үйдөн 110 миң сом уурдалган.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурдоо») боюнча каттоого алынган.

Милиция кызматкерлери шектүү катары 1981-жылы туулган А.Т. аттуу жаранды кармашкан. Ленин райондук соту аны электрондук билерик тагуу шарты менен үй камагына чыгарган.