Ушул жылдын 3-октябрына караган түнү Бишкек шаарынын Ленин районунун Ак-Ордо жаңы конушунда жайгашкан үйдүн биринде 2 адам өлтүрүлгөн. Милиция кылмышка шектүүнүн фотопортретин жарыялады.
Алдан ала айтылган маалыматтар боюнча, үйдүн ичиндеги бир туугандар — эжеси менен иниси бычакталган. Ал эми үй ээсинин жубайы үч баласы менен терезеден качып кетүүгө үлгүргөн. Коңшусу үч бала тең башынан ылдый кан болуп, качып келгенин айтып, милиция чакырып беришкенин билдирген.