Ак-Ордодо эки адамды өлтүрүүгө шектелген жаран качкан учурда атып өлтүрүлдү

Ак-Ордодо эки адамды өлтүрүүгө шектелип жаткан жаран качкан учурда жок кылынды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Бүгүн, 14-октябрь күнү кылмышты жасоо шарттарын жана жагдайын кайра кайталап көрсөтүп берүү процессин жүргүзүү учурунда шектүү качып кеткен. Милиция кызматкерлери шектүүнү кармоо учурунда кызматтык куралды колдонушкан. Шектүү алган жаракатынан каза болгон. Бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө.