Ак-Ордодо оор жүк ташуучу унаанын кичи автобусту сүзүшү. Айдоочу 2 ай камакта болот

19-июль күнү саат 07:50 чамаларында Сокулук районуна караштуу Ак-Ордо-3 конушунун Элмирбек Иманалиев атындагы көчөсүндө үрөй учурган жол кырсыгы орун алды. Эл ташуучу №169 кичи автобусу түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып, жолдон токтоп жүргүнчүлөрдү салып жаткан учурда ошол эле тарапты көздөй бара жаткан чоң жүк ташуучу унаасынын айдоочусу кичи автобусту артынан сүзгөн. Кесепетинен 2 аял киши каза болгон. Оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу камакка алынган.

Бүгүн, 25-июлда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук сотунан жүк ташуучу унаанын айдоочусунун бөгөт чарасы каралып, 2 айга камакта калтырылганын билдиришти. Тергөө уланууда.