Ак-Өргөдө троллейбус айдоочусу трансформаторду эмнеге сүзүп алганы айтылды

Бүгүн, 23-мартта Бишкектин Ак-Өргө конушунда троллейбус трансформаторду сүзүп алганы маалымдалган. Милициянын кайгуул кызматынан кырсык эмнеден келип чыкканын билдиришти.

«Эртең менен саат 6 чамасында троллейбус Өмүракунов көчөсү менен күн батышты көздөй бара жатканда, Ашар көчөсүнүн кесилишинен белгисиз жаран велосипед менен чыга калган. Андан качам деген айдоочу жол жээгиндеги бордюрларды жана электр зымдары чогулган трансформаторду сүзүп токтогон. Жол кырсыгынан эч ким жабыркаган эмес. Троллейбустун айдоочусу аял киши болгон», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.