Ак-Сууда аялды зордуктоого шектүүнү үй камагына чыгарган судья кызматтан кетүүнү чечти

30-июлда социалдык тармактарга зордукталганын айткан аялдын видеосу тараган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги жабырлануучу И. Б. менен байланышканыбызда, учурда ооруканада жатканын айтып, акыйкаттык издей турганын билдирген.

Анын айтымында, окуя 24-июлда болгон. Айылдашы унаага күч менен салып барып, зордуктап, чуңкурга ыргытып жиберген. Ал чуңкурдан эптеп чыгып, үйгө өзү барганын айтат. Туугандары ооруканага жеткирип, милицияга арыз жазган.

Жабырлануучунун айтымында, шектүү кармалган, бирок Ак-Суу райондук соту шектүүнү үй камагына чыгарып жиберген. Аял президент Садыр Жапаровго кайрылып, акыйкаттык издей турганын айтты.

Редакцияга Ысык-Көл облустук сотунан шектүүнүн үй камагына чыкканы боюнча маалымат беришкен.

«Ак-Суу райондук сотунун 29-июлдагы токтому менен айыпталуучунун бөгөт коюу чарасы катары 27-сентябрга чейин үй камагы түрүндө тандалган. Анткени айыпталуучунун өздүгү аныкталып, туруктуу жашаган жери бар, үй-бүлөлүү, бойго жете элек 5 баласы бар экендиги эске алынган»,- дешкен.

Бүгүн, 1-августта Жогорку Соттон шектүүнү үй камагына чыгарган судья кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын билдиришти. «1-августта Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотунун судьясы Мойдуновдун айыпталуучуну эркиндикке чыгарган иш-аракеттерине байланыштуу ыкчам кеңешме өткөрдү. Жыйындын жыйынтыгында судья өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Судьянын өтүнүчү Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине жөнөтүлгөн»,— деп айтылат маалыматта.