Ак-Сууда мал караганы кетип дайынсыз болгон кишинин сөөгү табылды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда мал караганы кеткен бойдон дайынсыз болгон кишинин сөөгү суудан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Совет айылынын 40 жаштагы тургуну ат менен Ууру-Төр жайлоосуна мал караганы кеткен бойдон дайынсыз болуп, бул тууралуу маалымат райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө түшкөн. Кечээ, 1-июнда аталган жарандын минип кеткен аты Зындан айылынан тирүү табылып, бирок өзү дайынсыз болгон. 2-июнда издөө иштерин жүргүзүү үчүн таңкы саат 04:50дө 7 куткаруучу тартылды. Натыйжада Совет жана Зындан айылдарынын ортосунан агып өткөн суудан сөөгү табылып, куткаруучулар туугандарына өткөрүп беришти. Ал Жыргалаң суусунун агымы шар жерден аты менен өтүп жатып, аттан жыгылып сууга акканы анын өлүмүнө себеп болгон.