Ак-Сууда зордукталып, сабалган аял. Экспертиза зордуктоо фактысын тастыктаганы маалым болду

Ысык-Көл облусунун Жылдыз айылынын тургунунун мыкаачылык менен сабалышы боюнча ишти кароодо зордуктоо фактысы тастыкталды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине адвокат Камил Рузиев билдирди.

Анын айтымында, жабырлануучу шектүү тарабынан психологиялык кыйноо фактысы боюнча Стамбул протоколун толтурган. «Кылмышка шектүүнү кошумча «кыйноо» беренеси менен айыптоо боюнча Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө арыз жөнөтүлгөн. Ал ошондой эле зордуктоо жана денеге оор залал келтирүү боюнча айыпталган жаран Караколдогу СИЗО-3тө. Ал күнөөнү мойнуна алган эмес», — деди ал. 

30-июлда социалдык тармактарга зордукталганын айткан аялдын видеосу тараган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги жабырлануучу менен байланышканыбызда, учурда ооруканада жатканын айтып, акыйкаттык издей турганын билдирген. Анын айтымында, окуя 24-июлда болгон. Айылдашы унаага күч менен салып барып, зордуктап, чуңкурга ыргытып жиберген. Ал чуңкурдан эптеп чыгып, үйгө өзү барганын айтат. Туугандары ооруканага жеткирип, милицияга арыз жазган. Жабырлануучунун айтымында, шектүү кармалган, бирок Ак-Суу райондук соту шектүүнү үй камагына чыгарып жиберген. Аял президент Садыр Жапаровго кайрылып, акыйкаттык издей турганын айткан.

Редакцияга Ысык-Көл облустук сотунан шектүүнүн үй камагына чыкканы боюнча маалымат беришкен.

«Ак-Суу райондук сотунун 29-июлдагы токтому менен айыпталуучунун бөгөт коюу чарасы катары 27-сентябрга чейин үй камагы түрүндө тандалган. Анткени айыпталуучунун өздүгү аныкталып, туруктуу жашаган жери бар, үй-бүлөлүү, бойго жете элек 5 баласы бар экендиги эске алынган»,- дешкен. 1-августта Жогорку Соттон шектүүнү үй камагына чыгарган судья кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын билдиришти.