Ак-Талаанын акимин тапанча кезеп коркуткан жаран кармалды

Баетов айылында жайгашкан Ак-Талаа райондук администрациясына мас абалында жаран тапанча менен аким Сейтек Кулубаевдин иш бөлмөсүнө кирип, нааразычылыгын айтып тапанча менен коркуткан. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Окуя 12-январда орун алган. Райондук милициянын ыкчам-тергөө тобу барганда акимди коркуткан жарандын тиешелүү уруксат кагаздары жок газ-пневматикалык тапанча алып жүргөндүгү белгилүү болгон. 14-январда кармалган жарандын баш коргоо чарасы каралып, ал эки айга камалды. Учурда «бейбаштык» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин тергөө амалдары жүрүүдө.