Ак Үйдүн 2-кабатынан качкан депутат Эмил Жамгырчиев УКМКга суракка барды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, ал бүгүн, 12-январда жактоочусунун катышуусунда сурак берип, эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган.
Ага карата козголгон кылмыш иш боюнча тергөө аяктаганы калды, иш жакында сотко өтөт.