«Акча үчүн». Украинада эки кыргызстандык адам өлтүрүүгө шектелип жатат

Киевде Ровно облусундагы «Красная Калина» санаторийинин 50 жаштагы башкы дарыгеринин өлүмүнө шектелип кыргызстандыктар кармалды. Бул тууралуу Vesti.ua басылмасы шаардык прокуратуранын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

Тергөөнүн маалыматы боюнча, кылмыш Киевде 20-декабрдын кечинде болгон. Өлтүрүлгөн адамдын сөөгү Украинанын баш калаасынын четиндеги токойдо табылган. Башкы дарыгер Киевде жүргөндө шектүүлөрдүн бирине — таксист болуп иштеген 34 жаштагы Кыргыз жаранына мейманканага алып барууну өтүнгөн. Айдоочу менен анын 43 жаштагы досу —  Кыргыз жараны Ровно шаарынын тургунун жеткирип коюуга макул болушкан. Сапар учурунда жабырлануучунун жанында көп суммадагы акча болушу мүмкүн экенин түшүнгөн жарандар ага кол салууну чечишкен. Айтылган дарекке жеткенде, унаанын ичиндегилердин бири аны муштуму менен, акырында айнек бөтөлкө менен чапкылап баштаган. Кол салгандар ал кишинин банктык карталарын, уюлдук телефонун, сумкасын жана акчасын алып кетишкен. Андан соң аны Киев облусунун Бучанский районуна алып барып, колу-бутун байлап, токойдо эс-учун жоготкон абалда калтырышкан.

Ал кишинин дайынсыз жоголгондугу тууралуу туугандарынын билдирүүсүнөн кийин милиция анын картасынан бир нече жолу акча алынганын аныктаган. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүүлөрдүн аты-жөнү такталып, кармалган. Кармалгандардын бири укук коргоо кызматкерлерине кишини таштап кеткен жерин айтып берген. Тергөө иштери уланууда.