«Акчаңды көбөйтүп берем». Бир катар алдамчылыкка шектүү кармалды

13-декабрь күнү милицияга жаран “К.” аттуу жаранга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Себеби анын ишенимине кирип, акчаны көбөйтүп берем деген шылтоо менен 3 миң доллар суммасындагы акча каражатын алдоо жолу менен ээлеп алган. Андан кийин белгисиз тарапка качып кеткен.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголду. Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1989-жылы туулган М.К. аттуу жаран аныкталып, кармалды. Тергөө кызматына жеткирилип, шектүү Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда анын ушул сыяктуу 14 кылмыш фактысын жасоого катыштыгы бар экени аныкталды.