«Кадастрдын» жетекчисинин пара менен кармалышы. Ишкана окуя тууралуу чындыгын айтты

Бүгүн, 26-июль күнү «Кадастр» мекемесинин жетекчиси УКМК тарабынан пара алууга шектелип кармалганы маалымдалган. Ишкананын басма сөз кызматы УКМК тараткан маалыматтын чындыкка дал келбей турганын айтып чыкты.
«Бизде кызматкерлерден коррупциялык акча чогултуу схемасы болгон эмес жана эч качан болбойт! Окуя мындайча болгон: «Кадастрдын» бардык кызматкерлери Ысык-Көлгө эс алууга барууну пландап, мекеменин профсоюзу негизди чыгымды төлөйт деп маалымдалган. Бирок жакшы пансионатта эс алуу үчүн кошумча акча чогултуу керек болорун айтышкан. Баары макул болуп, акча чогултушкан. Эс алууга баары барып эс алып келишти. Кийинчерээк УКМКга бизде текшерүү органына кандайдыр ишти жабуу үчүн акча чогултулганы тууралуу арыз түшкөнү маалым болду. Бул Э.Сулайманбеков менен пикири келишпей жүргөн эки адам тарабынан жасалды. 
Кечээ УКМКга суракка 15 чакты адам суракка барып, Сулайманбековго каршы көрсөтмө беришкен. Бирок биздин жалпы жамаатта 81 адам иштейт. Эмнеге баарын суракка чакырып, баарынан көрсөтмө алышпайт?  Эмне үчүн тергөөчү иликтөө эрежелерин бузат? Эч кандай пара менен кармоо болгон эмес!
Кечээ Сулайманбеков күбө катары суракка чакырылган. Кийинчерээк ага негизсиз айып тагылып, кармалганы маалым болду. Чындык сөзсүз далилденет», — деп жазган «Кадастрдын» басма сөз кызматчысы Алёна Хоменко.