Акжолтой Тукуновдун кармалганы боюнча милиция маалымат берди

Монополияга каршы кызматтын жетекчисинин мурдагы орун басары Акжолтой Тукунов кармалганын жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышкан. Чүй ОИИБден анын эмне үчүн кармалганын айтышты.

Маалыматка караганда, Тукунов массалык башаламандыкка чакырык жасоого шектелип жатат. «Соцтармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда Аламүдүн районунун тургуну Т.А. аттуу жаран Фейсбук социалдык тармагында коомчулукту массалык баш аламандыкка чакырып, чагымчыл маанайдагы материалдарды таркатып жаткандыгы аныкталган. Эксперттин корутундусуна ылайык, бул таратылган материалдарда массалык нааразылык акцияларына, баш аламандыкка жана бийликти алмаштырууга чакырган белгилер бар. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, 1981-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда», — дешти.