«Акниет эмес бир жаран кармалды». Садыр Жапаров өлкөдө «кол тийбестер» жок экендигин эскертти

«Кыргызстан акыркы эки жарым жылдан бери инвестицияларды тартууга өзгөчө көңүл буруп келет. Бул иш президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө». Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев соцтармактагы баракчасына жазды.

«Бүгүнкү күндө өлкөбүздө инвесторлордун ишмердүүлүгүнө жолтоо болгон учурлар бар. Мисалы, акниет эмес бир жаран кармалды. Ал өзү бизнесмен жана жогорку даражалуу аткаминерлер менен байланышы бар экенин айтып, керек болсо силерди жок кылам деп коркутуп, инвесторлордон опузалап ири өлчөмдө акча талап кылган. Бул маалымат Жапаровго жеткен жана ал териштирүү тапшырмасын берип, анын жыйынтыгында бул жаран кармалып, камакка алынды. Андан ары тергөө иштери жүрөт.

Президент Жапаров дагы бир жолу Кыргызстанда «кол тийбестер» жок экендигин эскертет. Өлкөдө инвесторлорду жогорку даражалуу байланыштары менен коркутуп-үркүтүп, алардын ишмердүүлүгүнө жолтоо болсо, инвесторлорду жеке кызыкчылыгына пайдаланып, алардан мыйзамсыз акча каражатын талап кылса — дароо камалат. «Өлкө башчысын адаштырып коёбуз же ал эч нерсе билбей калат» дегендер болсо, алар катуу жаңылышат. Президент Жапаров УКМК, ИИМ жана башка жеке булактарынан ыкчам маалыматтарды дайыма алып турат. Учурда мамлекет башчысында дагы кимдер «жогорку байланыштарына» жамынып инвесторлорду коркутуу, акча талап кылуу менен алектенип жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар. Арам ойлорун ишке ашырам дегендер үчүн абактарда орундар жетиштүү», — деп жазды ал.