АКШ Райымбек Матраимовдун бошотулушун «көңүл калтырарлык иш» деп сыпаттады

Америка Кошмо Штаттары уюшкан кылмыштуу топтун башчысы Райымбек Матраимовдун бошотулушу көңүл калтыраарлык иш экенин билдирет. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

«АКШнын Мамлекеттик департаменти жана Каржы министрлиги Матраимовду Кыргыз Республикасынан кеминде 700 миллион доллар адалдоо, коррупциялык бажы схемасына катышкандыгы үчүн Магнитский тизмесине киргизилип, жана визалык санкцияларга кабылгандыгын белгилей кетмекчибиз. Кыргыз Республикасы бул каражаттарды саламаттыкты сактоо, билим берүү, айыл чарба жана пенсия төлөө сыяктуу маанилүү багыттарга жумшай алмак. Америка Кошмо Штаттары Матраимовдун кылмыштуу мүлкүн чет өлкөдө тоңдуруп, кыргыз элине кайтарып берүү аракеттерин улантууда»,— деп айтылат маалыматта.

Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча АКШ менен Кыргызстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери ортосундагы кызматташтык улантылууда.

«Матраимовго байланыштуу айтыла турган болсо, биз Кыргызстандын укук коргоо органдары менен биргеликте Матраимовго таандык казыналыктын тышкы активдерди контролдоо бөлүмүнүн талаптарына ылайык тоңдурулуп калышы мүмкүн болгон мүлктү жана каржылык кызыкчылыктарын аныктоо боюнча иштеп жатабыз. 2019-жылы АКШ тарабынан Максим Бакиевдин 4,5 миллион доллар өлчөмүндөгү коррупциялашкан акчасын кайтарып берүү АКШнын коррупцияга каршы күрөшүү жана уурдалган мүлктү кыргыз элине кайтарып берүү боюнча милдеттенмесинин далили болуп келет»,- дешти алар.

Эске салсак, кечээ, 15-апрелде УКМК Райымбек Матраимовго карата козголгон кылмыш иштери токтотулганын билдирген эле. Алар бул кадамды Матраимовдун чет өлкөдөгү кыймылсыз мүлктөрүнүн жоктугуна жүйө келтиришкен эле.