АКШда 27 жаштагы кыргызстандык Нургазы Мамыровду аткан полиция кызматкерлери акталды. Бул тууралуу америкалык басылмалар жазып чыгышты.
Алардын маалыматы боюнча, тергөөчүнүн корутундусунда кыргызстандык жаран 2021-жылдын 5-октябрында таңкы саат 5:58де бир нече октон алган жаракатынан улам каза болгон. «Офицерлер ок аткан учурда алар алардын кесиптештери денесине оор жаракат алып, өлүмгө дуушар болушат деп негиздүү түрдө ишенишкен», — деп жазылат маалыматта.
Нургазы Мамыров ок атуучу курал колдонуу менен карактоого аракет кылган деп айыпталган. Милицияга чалган күбө кыргызстандык жигит окуя болгон жерден качып кетүүгө аракет кылып жүк ташуучу унаасынан башка унаалардын айнектерине ок атканын айткан. Маалыматка ылайык, кыргызстандык жүк ташуучу унаадан түшүү же терезеден колун чыгаруу буйругун аткаруудан баш тарткан.
5-октябрда АКШнын Клинтон округунун Грин Тауншип шаарында кыргызстандык жигит полиция тарабынан атып өлтүрүлгөн. Америкалык ЖМКлар анын каракчылыкка шектелип, полициядан качууга аракет кылганын жазып чыгышкан.