АКШда жол кырсыгынан кыргызстандык жигит каза болгону айтылууда

АКШда жол кырсыгынан трак айдаган кыргызстандык жигит каза болгонун АКШдагы кыргызстандыктар жазып, сөөктү мекенге жеткирүү үчүн акча чогултуп жатышат.

Маалыматтарга караганда, кырсык 14-мартта болгон. Б.Ш. аттуу 24 жаштагы жигит кум бороонунан улам жол кырсыгына кабылганы айтылууда.

Тышкы иштер министрлиги азырынча окуя тууралуу маалымат бере элек.