АКШда жол кырсыгынан кыргызстандык каза болду

Тышкы иштер министрлиги 1-июлда массалык маалымат каражаттарындагы “АКШда жол кырсыгынан кыргызстандык каза болду” деген маалыматка байланыштуу билдирүү таратты.
Учурда бул маселе боюнча Кыгыз мамлекетинин АКШдагы элчилиги жана Чикагодогу Башкы консулдугу тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалыматтарга караганда, маркумдун сөөгүн 4-июлда жакын туугандарынын коштоосунда жөнөтүү пландалууда. Бул маселе Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жеке көзөмөлүндө турат.