АКШда жол кырсыктан 2 кыргызстандык жигит каза болгону маалымдалды

3-мартта Филадельфияда бир нече унаа кагышып, эки адам каза болду. Пенсильвания штатынын полициясынын маалыматы боюнча, саат 3:15тер чамасында болгон кырсыктан 20 жана 22 жаштагы эки адам каза болгон. Жолдун төрт чакырымдык бөлүгү бир нече саатка жабылган.

Полициянын маалыматына караганда, 3 унаа сүзүшкөн. Кырсыкка эмне себеп болгону азырынча тактала элек. Окуяны Пенсильвания штатынын полициясы иликтеп жатат. АКШдагы кыргызстандыктардын соцтармактагы топторунда каза болгондор Кыргыз жарандары экенин жазышууда.

Gofundme.com сайтында англис жана кыргыз тилдеринде маркум Актилек Б. (Б.А., 2002) жана Төлөбек Э. (Э.Т., 2003) үй-бүлөлөрүн колдоо үчүн 30 миң доллар өлчөмүндө каражат чогултуу тууралуу жарыя пайда болду.

Азырынча ТИМ маалымат бере элек.