АКШда жол кырсыктан каза болгон 2 кыргыз жигиттин сөөгү мекенге жеткирилди

Тышкы иштер министрлиги 3-мартта АКШнын Филадельфия шаарындагы болгон жол кырсыгында Кыргызстандын эки жаранынын өлүмүнө байланыштуу, каза болгондордун сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча тиешелүү иштер ыкчам түрдө уюштурулганын билдирди.

“Жүк-200” Кыргызстанга 8-мартта эртең менен «Манас» эл аралык аэропортуна жеткирилген.

3-мартта АКШда жол кырсыктан 2 кыргызстандык жигит каза болгону маалымдалган. Тышкы иштер министрлиги кырсык тууралуу маалымат берип, алардын сөөгүн мекенге жеткирүү боюнча маселе каралып жатканын билдирген.

«Каза болгондордун аты-жөнү аныкталды (2002-жылы туулган Б.А., 2003-жылы туулган Е.Т.) жана алардын туугандары менен ыкчам байланыш жүргүзүлүүдө», — дешкен.

Социалдык тармактарда Алмаз Эгембердиев аттуу колдонуучу каза болгондордун досу экенин айтып, кырсык тууралуу айтып берген видеосун жарыялаган.