АКШда жол кырсыктан каза болгон 2 кыргыз жигит. Алардын досу кырсыктын чоо-жайын айтып берди

3-мартта АКШда жол кырсыктан 2 кыргызстандык жигит каза болгону маалымдалган. Тышкы иштер министрлиги кырсык тууралуу маалымат берип, алардын сөөгүн мекенге жеткирүү боюнча маселе каралып жатканын билдирген.

«Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы элчилигинин маалыматы боюнча, Пенсильвания штатынын Филадельфия шаарындагы ылдам жол шоссесиндеги кырсыгынын кесепетинен эки Кыргыз жараны каза болгон. Каза болгондордун аты-жөнү аныкталды (2002-жылы туулган Б.А., 2003-жылы туулган Е.Т.) жана алардын туугандары менен ыкчам байланыш жүргүзүлүүдө.   

Учурда элчилик тарабынан кырсыктын бардык жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, каза болгондордун сөөгүн мекенине жеткирүү маселеси каралып жатат», — дешкен.

Социалдык тармактарда Алмаз Эгембердиев аттуу колдонуучу каза болгондордун досу экенин айтып, кырсык тууралуу айтып берген видеосун жарыялады.