АКШда жол кырсыктан каза болгон 2 кыргызстандык жигиттин сөөгүн мекенге жеткирүү маселеси каралып жатат

АКШда жол кырсыктан 2 кыргызстандык жигит каза болгону маалымдалган. Тышкы иштер министрлиги кырсык тууралуу маалымат берди.

«Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы элчилигинин маалыматы боюнча, Пенсильвания штатынын Филадельфия шаарындагы ылдам жол шоссесиндеги кырсыгынын кесепетинен эки Кыргыз жараны каза болгон. Каза болгон Кыргыз жарандарынын аты-жөнү аныкталды (2022-жылы туулган Б.А., 2003-жылы туулган Е.Т.) жана алардын туугандары менен ыкчам байланыш жүргүзүлүүдө.   

Учурда элчилик тарабынан кырсыктын бардык жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, каза болгондордун сөөгүн мекенине жеткирүү маселеси каралып жатат», — дешти.