АКШда өлтүрүлгөн Кыргыз жараны каракчылыкка шектелип, полициядан качууга аракет кылганын жазып чыгышты

Америкалык жалпыга маалымдоо каражаттары полиция кызматкерлери кыргызстандыкты атып өлтүргөндүгү тууралуу окуянын чоо-жайын жазып чыгышты.

5-октябрда таңкы саат 5:30 чамасында Клинтон округунун Грин Тауншип шаарынын тургундары катуу үндөрдү угушкан, андан кийин бир нече жолу ок атылган. Айыл тургундарынын бири кырсык болду деп ойлоп, көчөгө чыкканда бир нече полиция машинасын жана коопсуздук кызматкерлерин көргөн. Кийинчерээк полиция жүк ташуучу унаада бараткан Кыргыз жаранына ок чыгарганы белгилүү болду. Буга чейин Тышкы иштер министрлиги өзүнүн билдирүүсүндө жигит октон алган жаракатынан каза болгонун билдирген.

«PAhomepage.com» билдиргендей, көз жумган адам Клинтондогу каракчылыкка шектелген. Ламар штатынын полициясы аны окуя болгон жерге чейин кууп барган. Массалык маалымат каражаттарында белгиленгендей, Кыргыз жараны укук коргоо кызматкерлерине баш ийбей, тескерисинче, полициянын талаптарын этибарга албай, жүк ташуучу унаадан чыкпай койгон. Жигит качып кетүүгө аракет кылган, бирок анын жүк ташуучу унаасы үч патрулдук машинаны, токтоп турган жүк ташуучу унааны сүзгөн. Басылма бир нече коопсуздук кызматкерлери жеңил жаракат алганын кошумчалады.