АКШдан Бишкекке баңгизатты почта аркылуу жөнөтүшкөн. Шектүүлөр кармалды

Бишкекте Америка Кошмо Штаттарынан почта аркылуу келген өзгөчө ири өлчөмдө баңгизаты аныкталып, алынды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери узак убакыт бою Телеграмм мессенджериндеги интернет-дүкөн аркылуу андан ары сатуу үчүн АКШдан Кыргызстанга эл аралык почта компания аркылуу органикалык баңги каражаттарын жеткирүү каналын жөнгө салган баңги топторун кармоо боюнча атайын ыкчам иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Бажы кызматынын кызматкерлери менен биргеликте АКШдан келген жүктөрдү бажылык көзөмөлдөөнү жана текшерүүнү уюштурууда, 2004-жылы туулган жаранга даректелген таңгактардын биринде, өзгөчө ири өлчөмдөгү кара куурайдын жыты бар, “гибриддик шишка” деп аталган зат табылган, аны сатууда баасы 9 миллион сомго бааланат. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө шектүү курьердик кызмат аркылуу жеткирүүнү пайдаланган, андан ары Бишкек шаарынын аймагында курьер таңгакты жаранга тапшыруу учурунда кармалган. Кармалган адамдын жашаган жери боюнча тинтүү иштерин жүргүзүүдө баңги топтун 1999 жана 2003-жылы туулган башка мүчөлөрү аныкталып, кармалган.