«АКШга кетирем» деп 28,4 миң доллар алып, из жашырган шектүү кармалды

Милиция  тарабынан алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

26-март күнү жаран милицияга кайрылып, 2 жаранга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда алар анын ишеничине кирип, АКШга жиберебиз деп 28 миң 400 долларын алып, качып кетишкенин айткан.

Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган жаран кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген. Ал соттун чечими менен камакта калтырылды. Учурда анын ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

Арызда көрсөтүлгөн экинчи жаранга карата учурда анын жогорудагы кылмышка тиешесин аныктоо боюнча бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын маалымдашты.