«АКШга виза алып берүүнү убадалап…». Бишкекте алдамчылыкка шектелген аял кармалды

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя ушул жылы апрель айынын соңунда «Вефа» соода борборунун жанында болгон. Шектүү шаар тургунуна АКШга виза алып берүүнү убадалап, 18 миң доллар алган. Бирок айтканын аткарган эмес. Алданган шаар тургуну 30-августта милицияга кайрылган жана аталган факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 204-беренеси менен катталган. Биринчи май РИИБи тарабынан кылмышка шектүү аялды кармалды. Анын 1978-жылы туулган аял киши экени белгилүү болду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.