Аксы РИИБнин башчысы жана эсепчиси системалуу түрдө акча каражатын ыйгарып алгандыгы үчүн кармалды

УКМК Ички иштер органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Аксы РИИБдин жетекчилиги тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактыларын аныктады.
Тактап айтканда, Аксы РИИБинин кызмат адамдары системалуу түрдө мамлекеттик сатып алууларды – көмүрдү, кызматтык автотранспорттун тетиктерин, кеңсе товарларын формалдуу жүргүзүү жолу менен аффилирленген фирмаларга акча каражаттарын которуп, андан ары накталай ыйгарып алышканы аныкталды. Мындан тышкары аталган ички иштер бөлүмүнүн башчысы командировка чыгымдарына, ошондой эле күйүүчү-майлоочу майга бөлүнгөн талондорду да өзүнө ыйгарып алган.
2-июлда козголгон кылмыш ишинин алкагында, кезектеги 200 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын чыгарып алуу жана ыйгарып алуу аракети учурунда УКМК кызматкерлери ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча ички иштер башкармалыгынын ички коопсуздук бөлүмү менен биргеликте Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги А.А.А. жана эсепчиси Д.Т.ны кармады. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.