Аксыда 13 жашар кыз төрөгөн окуя. Зордуктоого шектүү катары 16 жаштагы өспүрүм кармалды

Аксыда 13 жашында төрөгөн кызды зордуктоого шектелип, 16 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

1-апрель күнү Аксы районунун Кара-Суу айылынын 2007-жылкы тургуну, 7-класстын окуучусу төрөгөнү маалым болгон. Бул окуя Аксы РИИБдин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 161-беренесинин (Зордуктоо) 4-бөлүмү менен сотко чейинки өндүрүш иши тергелип жаткан. Анын алкагында 5-апрель күнү Аксы районунун 2004-жылы туулган тургуну кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алдын ала алынган маалыматка караганда, бала кыз менен телефон аркылуу таанышкан.

Кызды айылдаштары жакшы окуган, үлгүлүү окуучу катары сыпатташкан. Аталган айылдын айыл өкмөтү Дөөлөт Миңбаев кыздын атасы намаз окуган ыймандуу киши экенин, буга чейин үй-бүлөнүн эч кандай ызы-чуусун укпаганын айткан.