Аксыда 7-класстын окуучусу көз жарган окуя. Зордуктоого таякеси шектелүүдө

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда көз жарган 14 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран анын таякеси болуп чыкты. Бирок ал айыптоолорду четке кагууда. Шектүү 5-апрелде кармалып, эки айга камакка алынган.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн адиси Нурсултан Курманбеков «Азаттыкка» окуучу менен шектүү эки башка үйдө турганын маалымдаган.

Анын айтымында, кыздын ата-энеси жана туугандары аны толуп кетти деп ойлоп эч нерсени байкаган эмес.