Аксыда аялдын кийимдери жээктен табылып, өзү дайынсыз болуп жатат

Аксы районуна караштуу Кара-Камыш айыл аймагынын Чат айылынын тургуну изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, аялдын кийимдери Кара-Суу дарыясынын жээгинен табылып, өзү жок болгондугуна байланыштуу дарыя жээгинен издөө иштерин жүргүзүүгө кечээ, 26-майда чыгышкан.

Бүгүн, 27-май күнү кайрадан саат 06:00дөн тарта издөө уланууда. Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн, РИИБден, жергиликтүү тургундардан 60 адам тартылып, дрондун жардамында изделип жатат.