Аксыда жүргөн сел 50 баш кой жана 2 баш жылкыны агызып кеткен

20-май күнү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам Аксы районунун Авлетим, Кара-Суу, Кызыл-Туу айыл аймактарында сел жүрүп, 48 үй жана 2 социалдык объекти суу каптаган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Мындан сырткары ички чарбалык жолдорго да сел суулар өтүп кеткен. Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн маалыматына караганда 50 баш койду жана 2 баш жылкыны сел агызып кеткен. Жеринде Жарандык коргонуу кызматтары тартылып, калыбына келтирүү иштери жана келтирилген чыгымдарды аныктоо жумуштары жүрүүдө.