Аксыда классташтар жол кырсыгына кабылып, 5 бүтүрүүчү ооруканага жеткирилди

Аксыда бүтүрүүчү класстын окуучулары жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, унаанын ичинде 5 бүтүрүүчү — 3 кыз, 2 бала болгон. Кырсык Кербен — Үч-Коргон унаа жолунда катталган. Субару Легаси унаасын 2003-жылы туулган айдоочу башкарып бара жаткан жана ооруканага бешөө тең кайрылган. «Унаа жардан кулаган», — деп айтылат маалыматта.