Аксыда көпүрөнү суу алып, өтүп бараткан унаа дарыяга түшүп кеткен

Аксы районунда көпүрөнүн жээктерин суу алып, ошол убакытта көпүрөдөн өтүп бараткан унаа дарыяга түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигингин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 11-майда саат 22:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кызыл-Туу айыл аймагында катуу жааган жаандын кесепетинен Кожо-Ата дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, Кара-Жыгач — Сары-Челек унаа жолунун 17-чакырымында (Жылгын айылы) көпүрөнүн жээктерин жууп, авариялык абалга келтирген (атайын белгилери орнотулуп, көпүрө жабылган). Ошондой эле суу Жол-Сай айылындагы ички чарбалык көпүрөнүн жээктерин жууп авариялык абалга келтирген, көпүрө аркылуу жол жабылган. Ошол убакытта көпүрөдөн өтүп жаткан “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү унаа дарыяга кулап түшкөн. Жабыркагандар жок. 11-май түнү тартылган күчтөрдүн жардамында тактоо иш-чаралары жүргүзүлүп жана дарыяга кулап түшкөн унаа чыгарылган.

Мындан тышкары, кечээ, 11-майда саат 22:30 чамасында Кара-Суу айыл аймагында катуу жааган жаандын кесепетинен, кокту колоттордон келген сел суулары Топ-Жаңгак — Кызыл-Көл унаа жолунун кум-шагылга толтуруп, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жараткан. Жерине ӨКМдин Аксы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, жергиликтүү тургундардан 40 адам жана жеке менчик 1 даана “Газ-66” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа тартылды.

Бүгүн,12-май күнү иш-чаралар улантылууда.