Мектептин айланасын көрктөндүрүү, видео байкоо орнотуу, спорт эмеректери менен камсыздоо жана башка жумуштар “К” ЖЧКсы тарабынан иш-жүзүндө аткарылбагандыгына карабастан, расмий иш кагаздарга жалган маалыматтарды Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери жумуштарды кабыл алышкан. Натыйжада, мыйзамсыз түрдө төлөмдөр жүргүзүлүп, мамлекетке 8 миллион 20 миң 778 сом зыян келтирилген. Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) жана 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн кылмыш иш УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча Башкы башкармалыгына жиберилди.
Аксыда мектептин курулушунда 8 миллион сомдук мыйзам бузуу аныкталды
Аксы районунун Дардак-Дөбө айылында жайгашкан А.Кулубаева атындагы №67 мектебин курууда аткарылбаган иштерге төлөмдөр жүргүзүлгөн. Натыйжада мамлекетке 8 миллион 20 миң 778 сом зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
- Categories: КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
Related Content
Кеминде баланы сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды
Автор
СЕРЕП МЕДИА
13:06 29.03.2026
ИИМ жарандарды Данияга жана Германияга ишке орноштурууда бузууларды аныктады
Автор
СЕРЕП МЕДИА
09:33 27.03.2026
200 чакырым/сааттан ашык ылдамдык! Автоунаа айып короо жайына киргизилди
Автор
СЕРЕП МЕДИА
09:25 25.03.2026
Өлкөдө 2025-жылы жөө жүргүнчүнү сүзгөн 2853 жол кырсыгы катталып, 284 жаран каза болгон
Автор
СЕРЕП МЕДИА
17:32 24.03.2026
20 миллион сомдон ашык... Кэшбэк алып берем деген алдамчылыкка шектүү кармалды
Автор
СЕРЕП МЕДИА
15:15 24.03.2026