Аксы РИИБдин кызматкерлери пара талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМКга Аксы районунун тургунунан Аксы РИИБнин кызматкерлери пара талап кылгандыгы боюнча арыз түшкөн. Тактап айтканда, Аксы РИИБинин Жаңы-Жол РИИБдин аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы, милициянын капитаны, участкалык инспектор-милициянын улук лейтенанты арыз ээсинин турак жайына мыйзамсыз кирип, аларда каттоосу жок аңчылык мылтыгын тартып алышкан. Андан соң жогоруда аталган милиция кызматкерлери ок атуучу куралды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деп коркутуп, үйдүн ээсинен 30 миң сом пара алышкан.
Бирок акча талап кылуу токтогон эмес, андыктан куралдын ээси УКМКга кайрылган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы жана эки райондук милиция кызматкери арыз ээсинен кезектеги 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Ошол эле учурда аймактык милиция бөлүмүнүн жетекчисинин жашаган жерин тинтүү учурунда мурда алынган ок атуучу куралдар табылган.