Аксыда ооруканада чыккан өрт өчүрүлдү. Өрттүн себеби такталууда

Аксы районундагы Кербен шаарында жайгашкан оорукананын имаратынан өрт чыгып, өрттү өчүрүүгө Аксы райондук №70 ӨКБдан 3 өрт өчүрүүчү бөлүмү жана Ала-Бука райондук №73 ӨКБдан 1 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрт саат 11:10до чектөөгө алынып, толук саат 11:23тө өчүрүлдү. Алдын ала маалымат боюнча, ооруканадан 72 жаран эвакуацияланып ошондой эле жабыркагандар тууралуу маалымат катталган жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана толук материалдык чыгым такталууда.