Аксыда сел алып кеткен 5 жаштагы баланын сөөгү табылды (сүрөт)

12-июль күнү саат 18:00 чамасында Ак-Жол айыл аймагындагы Алты-Айры жайлоосуна жааган жамгырдан кесепетинен Жолборсту сайынан сел жүрүп, 8 адамды агызып кеткен. Издөө иштеринин натыйжасында 7 адамдын жансыз денелери табылып, 5 жаштагы Айдардын жансыз денеси табылбай жаткан. Бүгүн жерине издөө иштерин улантуу максатында ӨКМден 58 куткаруучу тартылып, кызматкерлер тарабынан баланын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Кара-Суу дарыясы менен Нарын дарыясына куйган жердеги жээктен 5-6 жаштагы баланын жансыз денеси жаткандыгы туралуу маалымат түшкөн. Куткаруучулар саат 15:20да маркумдун жансыз денесин чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жогоруда Аксы районундагы табылбай жаткан баланын ата-энеси келип, табылган бала 2016-жылы туулган баласы экендигин тастыктап беришкен.