Аксыда сел жүрдү (видео)

Кечээ, 2-майда алдын ала маалымат боюнча саат 18:00-18:10 чамасында Аксы районунун Ак-Суу жана Сары-Челек айыл аймактарында мөндүр аралаш жааган жамгырдын кесепетинен төмөндөгүдөй кырдаал түзүлгөн. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Сары-Челек айыл аймагынын Кызыл-Туу айылындагы Баатырбек тилкесинде эки сел сайынан суу 10 турак үйдүн короо-жайын каптап өтүп, Баатырбек тилкесинин Сары-Челек – Кербен автоунаа жолуна кум-шагылдарын агызып келген. Мындан улам автоунаалардын өтүүсүнө тоскоолдуктар жаралган. Жерине Аксы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн куткаруучулар тобу, ӨКМдин ӨК мониторинг жүргүзүү, болжолдоо департаментинин жетектөөчү адиси аталган аймакка жерине чыгып кетишкен. Аксы районунун акиминин 1-орун басары, жергиликтүү №12 жол тейлөө ишканасынын жолчулары, Сары-Челек айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү иш алып барууда. Аксы районунун аппарат жетекчиси Кербен шаарында штабды жетектеп, ЖК кызматтарын көзөмөлдөөдө.
Ушул эле күнү Ак-Суу айыл аймагынын Төө-Басты айылында кокту-колоттордон түшкөн сел болжол менен 1500 метр ички чарбалык жолдун бетин жууп, айрым жерин бузуп кеткен. Жол каттам токтогон эмес. Мындан сырткары 5 турак үйдүн короо жайын каптап өтүп, турак үйлөрүнө кирген эмес. Айылдын 3 социалдык мекемесин сел суулары каптаган.