Аксыда суунун деңгээли көтөрүлүп, 64 үй-бүлө эвакуацияланды

25-май күнү саат 19:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен улам Аксы районунун Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн Кезарт сел сайынан түшкөн сел суулар №12 ЖТИнин балансындагы Кара-Жыгач-Кызыл-Көл жолунун 6-чакырымында авто көпүрөнүн түбүнө батпай ашып, жолго сел калдыктарын үйүп, жол каттамы жабылган. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Ошондой эле Кезарт сел сайынан түшкөн сел калдыктары Кара-Суу дарыясын бөгөп, суунун деңгээли көтөрүлүп, сол жээгин жеп турак жайларга кооптуулук жаралып, жергиликтүү ЖК кызматтары тарабынан 64 үй-бүлө коопсуз жайга убактылуу эвакуцияланган. Учурда жеринде райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы жана ЖК кызматынын даярдыкта турган күч каражаттары тартылып, сел кирген турак жайлардын суулары мотопомпанынын жардамында коопсуз жайга чыгарылып, 11 оор инженердик техниканын жардамында чарбалык жолдорду калыбына келтирүү аракети көрүлүүдө.