Аксыда топ балдар мушташты. Шектүү катары 3 жигит кармалды (видео)

Аксы районундагы топ балдардын мушташуусунан улам үч бала камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-январь күнү Аксы РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Аксы районунун тургуну арыз менен кайрылып, 8-январь күнү Кербен шаарында топ балдар 2008-жылы туулган баласын эч себепсиз уруп, денесине жаракат келтиргендигин билдирген.

11-январь күнү аталган маалымат боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө, 2008-жылы туулган жабырлануучуга келтирилген жаракаттардын оордугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайылдалган.

Ал эми аталган кылмыш ишине шектүү катары Кербен шаарынын 2006, 2008 жана 2007-жылы туулган тургундары кармалып, Аксы РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.