Аксы районунунда мал уурулукка шектелгендер кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
26-октябрь күнү Аксы РИИБге 7 жаран арыз менен кайрылып, 10 баш малы уурдалганын билдирген. Аталган маалымат Аксы РИИБге катталып, териштирүү иштери башталган.
14-15-ноябрь күндөрү өткөрүлүп жаткан уурулук иш-чарасынын негизинде, Аксы жана Токтогул РИИБдин кызматкерлери тарабынан, кылмышка шектүү катары Аксы районунун эки тургуну Токтогул районунан кармалып, Аксы РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Ал эми 12-ноябрь күнү Аксы РИИБдин тергөө кызматы тарабынан 205-берене менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө, 1984 жана 1994-жылы туулганкылмышка шектүүлөрдүн 10 баш малды талаада жүргөн жеринен кармап, союп, жеңил унаага жүктөп, Токтогул районунда жайгашкан колбаса чыгаруучу цехке алып барып сатышкандыгы аныкталып, жасаган иштерин толугу менен мойнуна алышкан. 14-ноябрь күнү алар Аксы райондук соту тарабынан эки айга камакка алынган.